Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Иран АКШ менен Израилге ачуу сын айтты


Ал-Кудс күнүндө АКШ менен Израиль желектери өрттөлдү
Ал-Кудс күнүндө АКШ менен Израиль желектери өрттөлдү

Иранда жүз миңдеген адамдар Ал-Кудс күнүн белгилеп, антиамерикалык жана антиизраилдик маанайларын билдиришти.

Бул күн өлкөнүн алгачкы рухий көсөмү аятолла Рухолла Хомейни тарабынан палестиналыктарга колдоо, ал эми Израилге каршы маанайды билдирүү максатында негизделген.

Тегерандагы жүрүшкө президент Хасан Роухани баш болгон бийлик адамдары кошулду.

"Мусулман элдери мыйзамсыз сионисттик режим мусулман дүйнөсүндө тамырлашына жол бербейт. Америкалыктарга мусулман дүйнөсүн мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы чагымчыл пикир келишпестиктердин таасири менен чеңгээлинде тута аларына ишенүүсүнө жол беришпейт", деди Ирандын коргоо министри Хоссейн Дехган.

Ал эми президент Роухани жакында эле АКШ Сенаты кабыл алган, Иран боюнча санкцияларга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү сындап, «өкмөт чечкиндүү жооп кайтарат жана тандаган жолун уланта берет» деп кошумчалады.

Бул күнү ошондой эле Тегеранда үч баллистикалык ракета коомчулукка көрсөтүлдү.

АКШ жана анын өнөктөшү Сауд Арабия Иранды терроризмге көмөктөшөт деп айыптап келет. Тегеран муну четке кагат.

XS
SM
MD
LG