Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Президент Атамбаев Татарстанга барды


Президент Атамбаев Татарстанга барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:44 0:00

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн Казанга барды. Аны Татарстандын президенти Рустам Минниханов жана шаар мэри Ильсур Метшин, тышкы иштер министри Радик Вахитов жана Мамлекеттик кеңештин төрайымы Римма Ратникова тосуп алды. Бүгүн мамлекет башчы татар президенти менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат. Казан кремлине, Күл-Шариф жана Благовещенск соборуна барат. Кыргызстандык искусство чеберлеринин концертине катышат. Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга мамлекеттик сапары 19-июнда башталган. Анын алкагында мамлекет башчы Башкырстанга да барды. Мамлекет башчы баштаган кыргыз делегациясы Кыргызстанга эртең, 24-июнда келет. Мамлекет башчынын Татарстанга сапары Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаеванын туулган күнүнө туш келди. Раиса Атамбаева татар кызы.

XS
SM
MD
LG