Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Алай районунда 5 баллдык жер титирөө болду


Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 26-июнда таңкы саат 06:39да орун алган. Анын очогу Ош облусунун Алай районунда жайгашып, күчү 5 баллга жеткен. 

Силкинүү Бор-Дөбө, Нура айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала маалымат боюнча киши өмүрүнө зыян келген жок. 

Алай району Кыргызстандагы сейсмикалык активдүү аймактардын катарына кирет. Маал-маалы менен 2 баллдан жогору жер титирөөлөр катталып турат. 2008-жылы 5-октябрда Нура айылындагы күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши каза тапкан. (NT)​

 

 

 

XS
SM
MD
LG