Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Рита Карасартова президенттикке талапкерлигин көрсөттү


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылынын аткаруучу директору, жарандык активист Рита Карасартова президенттикке талапкерлигин көрсөттү. Бүгүн ал өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка аттануу тууралуу арызын тапшырып, аны БШК кабыл алды.

Ушуну менен Кыргызстанда президенттикке ат салышуу ниетин билдиргендердин саны бешке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата саясий партиялардан бир жана өзүн-өзү көрсөткөн төрт адамдан арыз түштү. Буга чейин “Ак шумкар” партиясы мурдагы премьер-министр Темир Сариевди көрсөткөн, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов жана “Аурдин” ишканасынан директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз берген.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. (NT)

XS
SM
MD
LG