Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Роскомнадзор Telegram каттоодон өтөрүн билдирди


Телеграм мессенджер
Телеграм мессенджер

Роскомнадзор мекемеси Telegram маалымат таратуучу катары каттоодон өтүүгө бардык керектүү документтерин тапшырганын, эми жакын арада тиешелүү реестрге киргизилерин билдирди. "Муну менен Telegram Орусия Федерациясында мыйзамдуу иштей баштайт", – деп билдирди Роскомнадзор мекемесинин жетекчиси Александр Жаров. Ал Орусиянын аймагында иштеген бардык компаниялар өлкө мыйзамдарын так аткарышы керектигин кошумчалады.

Telegram мессенжерин негиздеген Павел Дуров Роскомназдор колдонуучулардын маалыматтарын көрүүгө ачкыч сурабагандыктан Орусияда каттоодон өтүүгө каршы эмесин айтты. Каттоодон өткөндө дагы Telegram "антитеррористтик мыйзамдарга" ылайык атайын кызматтарга маалыматтардын шифрлери берилбесин белгиледи.

Өткөн аптада Роскомнадзор Telegram жакын арада жабылат деп коркуткан.

XS
SM
MD
LG