Линктер

шейшемби, 24-апрель, 2018 Бишкек убактысы 22:00

Беларуста башаламандык уюштурууга шектелген активисттер камактан бошотулду


Камактан чыккан активисттер жакындары менен, 28-июнь, 2017

Беларуста массалык башаламандык уюштурууну пландаган деп айыпталган төрт активист Минск шаарында камактан бошонду. Бир күн мурун ушундай эле айып тагылган үч киши дагы эркиндикке чыккан.

Беларустун мамлекеттик коопсуздук комитети март айында "Ак легион" менен "Жаштар фронту" деп аталган топторго кирген 26 кишини өлкөдө массалык башаламандык уюштурууну пландаган деген шек менен камакка алган.

Ага чейин президент Александр Лукашенко айрым шектүү топтор өлкөгө дүрбөлөң чыгарып, революция жасоого аракеттенишкенин айткан.

Айрым адамдарга коюлган айыптар кийинчерээк алынып салынган.

28-июнда бул иш боюнча камакта жети киши калганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG