Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Спикер: Буудай боюнча мыйзамга бут тоскон жокмун


Импорттолгон буудайдан кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзамды коргобогонун 30-июндагы маалымат жыйында парламент спикери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Ал буга байланыштуу мыйзамды өкмөт демилгелеп чыкканын белгилеп, ал өлкө үчүн керек деген пикирин айтты.

Импорттолгон буудайга кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүү парламенттеги эң кызуу талкууланган маселеге айланган. Мындай мыйзам долбоорду "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев иштеп чыгып, парламентке сунуштаган болчу. Ал аталган мыйзам долбоорду парламенттин акыркы эки жыйынында добуш берүүгө чыгарбай, атайылап бут тосуп жатат деп төрага Чыныбай Турсунбековду айыптап чыккан. (КЕ BkA)

XS
SM
MD
LG