Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

"Республика-Ата-Журт" президенттикке талапкер көрсөтөт


Аталган партиянын элдик курултайы бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, иш-чарага бардык облустардан делегаттар келишет. Ошондой эле парламент депутаттары, саясий партиялардын лидерлери, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери чакырылган.

Ушул кезге чейин 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөн он бир адам БШКга арыз берген. Экөө саясий партиялардан, тогузу өзүн өзү сунуштоо жолу менен көрсөтүлгөн. Алар - эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, экс-акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов. Булардын ичинен Төрөбаев менен Сариевден башкасы өзүн өзү көрсөтүшкөн. "Республика-Ата Журттан" Өмүрбек Бабанов чыгары айтылган, бирок расмий жарыялана элек. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. (NT)

XS
SM
MD
LG