Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:14

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети билдиргендей, 30-июнда Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди куруу боюнча тендердин экинчи этабы өттү. Биринчи этаптан беш: Кыргызстандагы "Нарын өндүрүш ишканасы" жана "МостДорСтрой" консорциуму, "Гидроэнержистрой", "Кыргыз Каганат" жоопкерчилиги чектелген коомдору жана Кытайдын "Сино КГ Энержи Групп", Чехиянын Liglass trading CZ s.r.o. компаниялары өткөн. Экинчи этаптын жүрүшүндө бул компаниялар чакан гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча инвестициялык долбоорлору менен тааныштырышты. Сунушталган он төрт долбоордун он бири боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Натыйжада "Сандык-1", "Сандык-2, "Сандык-3", "Чоң Ак-Суу", "Папан", "Сол Кара-Суу-1" жана "Сол Кара-Суу-2" дарыяларынын жээктерине станция курууга жалгыз гана чехтердин Liglass Trading CZ s.r.o компаниясы арыз берип, тендерди жүргүзгөн мекемелер аралык комиссиянын чечими менен жеңүүчү деп табылды.

"Орто-Токой-1", "Орто-Токой-2", "Киров" сууларына станция куруу боюнча да аталган чех компаниясы жеңүүчү болду. "Лейлек" суусуна чакан ГЭС салуу боюнча "Кыргыз Каганат" компаниясынан гана арыз түшүп, жеңүүчү деп табылды.

Кыргыз өкмөтү май айында 14 чакан ГЭСти куруу боюнча конкурс жарыялаган. 14-июнда анын алгачкы айлампасы өткөн. Сынактан жеңүүчү деп табылгандар кубаттуулугу 3 мВттан 20 мВтка чейинки чакан ГЭСтерди курууга кеткен каражатты көтөрүшү керек. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG