Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 30-июнда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Түндүк-Түштүк» кошумча жолунун курулушу менен таанышкан учурда билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар жолдун Казарман-Жалал-Абад участогу менен таанышып чыгышты. Бул участоктун курулушунун 46 пайызы аяктап калган. Казарман айылынан тоннель тарапты көздөй 21 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Министрдин айтымында, асфальттоо иштери сапаттуу болушу үчүн Германиянын ыкмасы колдонулуп жатат. Жээнбеков жолдогу Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин курулушу менен да таанышты.
Аталган жолдун жалпы узундугу – 433 чакырым. Ушу тапта анын 74 чакырымы үчүн каржы табыла элек. Көп бөлүгүнө кытай инвестициясы тартылган. Жолду 2020-жылы пайдаланууга берүү пландалган.
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети кыргыз өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы түндүк–түштүк альтернативдүү жолунун курулушун каржылоо боюнча насыялык келишимди жактырган. Жеңилдетилген насыя алынса аталган жолдун 24 чакырымына жумшалары айтылган. (NT)