Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:06

Катарга коюлган он үч талапты аткаруу мөөнөтү аяктайт


Катар, Доха.
Катар, Доха.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Египет жана Бахрейндин Катарга койгон талаптарынын мөөнөтү бүгүн аяктайт.

Аталган мамлекеттер июнда Катарды террорчулукту колдойт деп айыптап, дипломатиялык, экономикалык алакаларды үзүп салган жана он үч талап коюшкан. Анын ичинде "Ал-Жазира" телеканалын жабууну жана Иран менен дипломатиялык мамилелерди токтотууну, Түркиянын аскердик базасын жаап, ал өлкө менен аскерий кызматташтыкты үзүүнү талап кылышкан.

Алгач алар Дохага бул талаптарды аткаруу үчүн 3-июлга чейин убакыт беришкен. Бирок арачылык кылган Кувейттин өтүнүчү менен мөөнөт 48 саатка узартылган. Катар бийлиги айыптарды четке кагып, талаптар аткарылбасын билдирип келет.

Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши Катар коңшулары менен мамилесин өзү чечиши керектигин жана бул чырга аралашпасын ишарат кылды.

.

XS
SM
MD
LG