Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

УКМК: Сирияга интернет аркылуу азгырган эки жаран кармалды


Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү жана Сирияга адамдарды азгырган деген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

23 жаштагы жаран интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу уюмга жаңы мүчөлөрдү азгыруу менен алектенген деп шектелип жатат.

Ал эми экинчи шектүүнү атайын кызмат кыргызстандыктарды Сириядагы согушка азгырып, ошол жакка жөнөтүү менен алектенген, эл арасында интернет аркылуу активдүү иш жүргүзгөн үгүттөөчү эмиссар деп атоодо.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Сирияга жөнөткөн эки жарандын бирөө ошол жакта набыт болгон.

Эки шектүү боюнча кылмыш иштери козголду.

УКМКнын расмий маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 600дүн тегерегинде, алардын айрымдары мерт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG