Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Үй-бүлө чырына арачы болчулар окутулуп жатат


Аялдардын жана балдардын укугун коргоочулар Бишкекте медиация боюнча тренинг өткөрүүдө.

"Сезим" кризистик борборунда өтүп жаткан бул окууга психологдор, социалдык кызматкерлер, юристтер жана журналисттер, жалпысынан 15 адам катышууда деп билдирди "Азаттык" радиосуна медиация боюнча улуттук борбордун жетекчиси Гүлсина Кожоярова. Анын айтымында, арачылыкка үйрөткөн тренинг үй-бүлөдө чыккан чыр-чатактарды сотко жеткирбей чечүүгө багытталган:

- Күйөөсү менен аялы урушуп, ортодо бала же мүлк боюнча талаш жаралса алар медиаторлорго кайрылса болот. Бейтарап медиатор эки тарапты угуп, сүйлөшүү жолу менен экөөнү тең канааттандыра турган чечимге алып баруу аракетин көрөт.

Укук коргоочулар жана адвокаттар соңку жылдары Кыргызстанда сот иштери көпчүлүк учурда создугуп, аларга кайрылган жарандардын материалдык да, моралдык-психологиялык да абалы жабыркап жатканын айтып келишет.

Медиация тууралуу мыйзам Кыргызстанда быйыл 2-июнда кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG