Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Мексика: түрмөдөгү мушташтан 30га жакын адам каза тапты


Мексиканын түштүгүндөгү Акапулько шаарындагы “Лас-Крусес” түрмөсүнүн ичинде өз ара каршылашкан эки топ мушташкан. Абак жетекчилиги кеминде 28 адам мерт болгонун, бир нечесинин башы алынганын кабарлады.

Көбү катуу сокку жана бычактан алган жарааттардан каза табышкан. Бийликтин маалыматына караганда, түрмөдөгү тополоң кечээ түнү чыккан. Анда ок атуучу курал колдонулган эмес.

Акапулько – маңзаттары көп өндүрүлгөн Герреро штатындагы чоң шаарлардын бири. Мурда Мексикадагы башкы туристтик аймактардын катарында болсо, акыркы жылдарда кылмыштуулук көбөйүп кооптуу шаарга айланган.

Штаттын губернатору башаламандыктын чоо-жайын иликтөөнү тапшырды. Абактагылардын жакындары тополоң тууралуу билгенден кийин түрмөгө кирүүгө аракет жасаган, азыр полиция менен армия жабык жайды курчап турат. Мексиканын башка абактарындай эле "Лас-Крусес" түрмөсү кишиге толгон. Учурда анда эки миңден ашуун адам кармалат.

XS
SM
MD
LG