Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 21:01

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады


Токтогул ГЭСи.

Кыргызстан жай мезгилинде электр энергиясын экспорттоо боюнча Өзбекстан менен макулдашты. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг билдирди. Маалыматка караганда, 16-июндан 4-июлга чейин коңшу өлкөгө 192,5 миллион киловатт-саат электр энергиясы экспорттолду.

Келишим боюнча октябрга чейин 1,25 миллиард киловатт-саат экспорттоо пландалууда. Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн аны экспорттоо маселеси быйыл февралда талкууланган.

Өзбекстан үчүн электр тарифи киловатт-саатына эки центке бааланган.

Аталган мекеменин билдиришинче, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6-июлда 18,78 миллиард куб метрге жетти. 22-июлга карата 19,5 миллиард куб метрди түзүшү ыктымал. Эгер суу ашыкча топтолсо, плотинадан сууну коё берүүгө туура келет. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG