Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Новак: ОПЕК менен келишим иштеп жатат


 Александр Новак
Александр Новак

Орусиянын энергетика министри Александр Новак ОПЕК, Орусия жана башка мунай өндүрүүчү өлкөлөр менен келишим иштеп жатканын, азырынча кара май өндүрүүнү кыскартуунун кереги жоктугун билдирди.

Рейтер агенттигине берген интервьюда министр кошумча чаралар ушу тапта мунай рыногунда башаламандыкка алып келерин белгиледи. Быйыл мунай баасы 20 жылдан берки эң төмөн деңгээлге түшкөнү менен бир баррели 50-60 долларга сатылып жатат.

Новак Орусия жана ОПЕК өткөн нобярда мунай өндүрүүнү күнүнө 1,8 миллион баррель кылып кыскартууну макулдашканда дал ушундай бааны көздөшкөн деди. Чийки заттын бир баррели Лондон биржасында азыр 48 доллардын айланасында болууда. Мунайдын баасы жакында арзандаганына карабай, биз ОПЕКтин келишими эффективдүү болгон деп ойлойбуз., - деди орусиялык министр.

XS
SM
MD
LG