Кытай бийликтери Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Лю Сяобого америкалык жана немис дарыгерлерин киргизүүгө уруксат берди. Мындай талапты эл аралык коомчулук Кытайдын жетекчилигине коюп келген эле.
Лю Сяобо учурда Кытайдын түндүгүндөгү Шэньян шаарындагы ооруканада жатат. Ал боордун рагы илдетинен жабыр тартып келет.
Сяобо июндун соңунда түрмөдөн бошотулган. Ал Кытайдын авторитардык режимин сындап, демократиячыл багыттагы конституциялык реформага чакырган "Хартия-08" деп аталган манифестти жазганы үчүн 2009-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган эле.
2010-жылы укук коргоочу Кытайдагы адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыктуу болгон. Нобел комитети Сяобону "Кытайда адам укуктарынын түпкүлүктүү принциптерин узак мезгил бою зомбулуксуз ыкмалар менен жактап келаткан күрөшкер" деп сыпаттаган. Бирок Сяобо жана анын жакындары Ослодогу бул сыйлыкты алуу аземине катыша алган эмес.