Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:52

Нобел сыйлыгы сыртынан тапшырылды


Залда Лю Сяобонун чоң сүрөтү илинип, атайын ага ажыратылган орун бош турду.
Залда Лю Сяобонун чоң сүрөтү илинип, атайын ага ажыратылган орун бош турду.

Ослодо Нобел тынчтык сыйлыгы тапшырылды. Быйыл ал кытайлык укук коргоочу диссидент Лю Сяобого ыйгарылган эле. Бирок салтанатка лауреаттын өзү, анын өкүлү да катышкан жок. Мындай иш Нобел комитетинин тарыхында биринчи мерте болду.

Лауреат өзү жок болсо да сыйлык тапшыруу сыяпаты Ослодо кадимки каада менен өткөрүлдү. Салтанатты Норвегиядагы балдар хору ачты, бул сыйлык ээси Лю Сяобонун (Liu Xiaobo) өтүнүчүнө ылайык жасалды.

Залда өлкөнүн падышасы Харалд V, өкмөт жана парламент мүчөлөрү, эл аралык коноктор, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, алардын ичинде ар кайсы өлкөлөрдөн келген элүү чакты кытай диссиденттери отурушту. Залда Сяобонун чоң сүрөтү илинип, атайын ага ажыратылган орун бош турду. Лауреаттын сөзүн белгилүү артист жана киночу Лив Улман окуп берди.

Бүгүн (10-декабрда) кечинде Ослодо лауреаттын урматына сый тамак берилет. Эртең Сяобого арналган көргөзмө ачылат, кечинде чоң концерт болот.

Ослодогу салтанатка чет элдик 45 элчиликтин өкүлдөрү да катышты. Он тогуз өлкө, алардын ичинде Россия, Казакстан быйылкы сыяпатка өз өкүлдөрүн жөнөткөн жок.

Ырасмий Пекин бүгүнкү салтанатка ким келсе, алар Кытайды урмат кылбаганын көрсөтөт деп эскерткен. "Чакыруу алган өлкөлөр кандай кадам туура жана туура эмес болорун жакшы түшүнүшөт", - деп билдирген тышкы иштер министрлигинин өкүлү Цзян Юй.

Нобел комитетинин мүчөлөрүн ал "клоундар" деп атаган жана Кытайга каршы ызы-чууну ырбатып жатканы үчүн айыптаган.

Нобел сыйлыгынын Норвегия комитетинин төрагасы Турберн Ягланд муну четке кагып, быйылкы тынчтык сыйлыгынын Лю Сяобого ыйгарылганы "Кытайга каршы жасалган иш эместигин" белгиледи.

"Бу сыйлык – Кытай экономикалык жетишкендиктерин саясий өнүгүү менен айкалыштырышы керек деген ишаара".

АКШ өкмөтү Нобел комитетинин чечимине дагы бир жолу колдоо билдирди. "Тынчтык сыйлыгы кытай диссиденти Сяобого ыйгарылганын биз куттуктайбыз, биз анын саясий реформаларды жана түпкүлүктүү эркиндиктерди коргогон батыл аракеттерине, айрыкча "Хартия-08" платформасын түзүүдөгү ролуна суктанабыз",-деп айтты мамлекеттик департаменттин өкүлү Филлипп Кроули.

Нобел комитети Сяобону "Кытайда адам укуктарынын түпкүлүктүү принциптерин узак мезгил бою зомбулуксуз ыкмалар менен жактап келаткан күрөшкер" деп сыпаттаган.

Сяобо 1989-жылы Тянанмэн аянтындагы козголоңго катышкан. Ошондон соң аны бийликтер акмалоого алып, 20 айдай түрмөдө жатып чыкан. Кийин "Хартия-08" уюмун түзгөн, муну бийликтер "мамлекеттик түзүлүштү кулатуу аракети" деп баалап, өткөн жылдын декабрында аны он бир жылга түрмөгө кескен.

Нобел комитети быйыл октябрда чечимин жарыялаган соң өкмөт Сяобонун аялын үй камагына отургузуп, анын досторуна жана сааналаштарына өлкөдөн чыкканга тыюу салган.

Өткөн жумада Кытай Нобелге жеңдеш-теңдеш кылып, Конфуций "тынчтык сыйлыгын" уюштурду жана Тайвандын мурдагы вице-президентин анын биринчи лауреаты кылып жарыялады. Ослодогу бүгүнкү салтанатка байланыштуу бийликтер өлкөдөгү интернет түйүндөрүн бууп салышты.

XS
SM
MD
LG