Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

Катар Борбордук банкы 10-июлда резервинде 340 млрд доллар бар экенин билдирди. "Кандай гана күтүүсүздүк болбосун аны көтөрүп кеткенге акчабыз жетиштүү" деди банктын төрагасы шейх Абдулла ал-Тани CNBC телеканалына курган маегинде.

Башкы банкирдин айтымында, Борбордук банктын өзүндө 40 млрд доллар акча, андан тышкары өлкөнүн жыргалчылык фондунда 300 млрд долларга тете алтын бар.

Сауд Арабиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги жана Египет терроризмди колдойт, Иран менен кескин жакындашып кетти деп Катар менен өткөн айда байланыштарын үзүшкөн.

Аны калыбына келтирүү үчүн 13 пункттан турган талап коюшкан. Бирок Доха аларды аткаруудан баш тарткан. Ушундан кийин санкциялар алынбастан кала берген.

XS
SM
MD
LG