Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүштү Венадагы түрктөр менен чогуу белгилөөнү пландаган экономика министри Нихат Зейбекчиге уруксат берилген жок. Австрия өкмөтүнүн маалымат катчысы 10-июлда ал иш-чара "Австриядагы коопсуздук менен коомдук тартипке коркунуч келтирет" деп жүйө келтирди.
Өткөн жумада Голландияда ушундай эле иш-чарага катышмакчы болгон Түркиянын вице-премьер-министри Тугрул Түркеш да уруксат алалган эмес. "Чоң жыйырманын" саммитинде элге чыгып сүйлөөсүнө мүмкүндүк берилбегенине түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да нааразылыгын билдирген болчу.
Австрия жана башка европалык өлкөлөр 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийинки түрк бийлигинин аракеттерин сынга алып келишет. Анда кеминде 40 миң адам камалып, 100 миңден ашууну жумуштарынан айдалган.