Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:26

Мосулдун айрым аймактарында уруш уланууда

Согушта аман калган мосулдук аялдар
Согушта аман калган мосулдук аялдар

Ирак өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади келип, шаар толук алынганын билдиргендин эртеси дагы Мосулдун айрым райондорунда салгылаш уланып жатат.

10-июлда өлкөнүн мамлекеттик телеканалы өкмөттүк күчтөр менен террорчулар Эски шаар аттуу бөлүгүндө кармашып жатканын кабарлады.

Ирак армиясынын генералы Хайдер Фадхил шаарды жарылма заттардан, буктурмаларда калган террорчулардан тазалаганга да кыйла күн кетерин билдирүүдө.

"Ислам мамлекети" террор тобу өлкөнүн экинчи ири шаары Мосулду 2014-жылы басып алган жана бул алардын Ирактагы борбору катары эсептелчү. Шаарды кайра алуу операциясы сегиз айдан ашуун созулду.

XS
SM
MD
LG