Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

AI орус бийлигин Чеченстандагы өлүм жазасы тууралуу имишти иликтөөгө чакырды


Орусия президенти В.Путин жана Чеченстандын жетекчиси Р.Кадыров. 10.12.2015.
Орусия президенти В.Путин жана Чеченстандын жетекчиси Р.Кадыров. 10.12.2015.

"Эл аралык Мунапыс" (Amnesty International) укук коргоо уюму орус бийлигин Чеченстандын коопсуздук күчтөрү быйыл январда 27 кишини өлүм жазасына тарткан деген кабарды кылдат иликтөөгө чакырды.

Орусиялык "Новая газета" басылмасы 9-июлда атын ачыктагысы келбеген булагы ыктымал курмандыктардын аттары жазылган документтерди бергенин жарыялаган.

10-июлда Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль ал маалыматты да, аны четке каккан чечен күч түзүмдөрүнүн айткандарын да көңүлгө алганын билдирди. "Маалымат булагы белгисиз, ошон үчүн мындан көптү айта албайм", - деп кошумчалады Д.Песков.

Өлүм жазасы 2016-жылдын декабрында Чеченстанда башталган коопсуздукту сактоо операциясынын алкагында жүзөгө ашырылган деген жоромол кабарланган эле.

Быйыл апрелде "Новая газета" басылмасы Чеченстанда кумса деп шектелген ондогон адамдар ур-тепкиге, кыйноого алынып, камалганын жазып чыккан. Чечен бийлиги бул доону да четке каккан.

XS
SM
MD
LG