Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Текебаевдин иши: Салянова прокурорлор менен айтыша кетти


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбө катары көрсөтмө берген депутат Аида Салянова мамлекеттик айыптоочулар менен айтыша кетти.

Прокурорлор Саляновадан эмне үчүн 2010-жылдын 13-майын так эстеп калганына кызыгышты. Салянова "бул дата өлкөнүн тагдырына кызыкпаган адамдын гана эсинде калбаса, көпчүлүгүнүн эсинде экенин" айтты.

Өз кезегинде прокурор суроолорго кошумча комментарий бербестен, так жооп берүүгө чакырып, “Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү качан?”, - деп Саляновадан сурашты.

- Сиз иш боюнча мага суроо бериңиз, мен Текебаевдин туулган күнүн кайдан билем? Сиз өзүңүздүн жетекчиңиз башкы прокурордун туулган күнүн билесизби? Билсеңиз айтыңызчы, - деди Салянова.

Прокурорлор Салянова суроого түз жооп бербей жатканын айтып, сотко эскертүү берүүсүн өтүнүп, бул суроо азыркы ишке түз байланышы бар экенин белгилешти.

Мындай кырдаалга тынчсызданган Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов, прокуратура атайын чагымчылдыкка барып жатканын айтып, мамлекеттик айыптоочуларга ишенбөөчүлүк жарыялады. Бул сунушту Өмүрбек Текебаев жана башка адвокаттар колдоп, сот өтүнүчтү кароо үчүн кеңешүүгө кирип кетишти.

Бүгүн түшкө чейинки отурумда адвокаттар судья Эрнис Айбек уулуна ишенбөөчүлүк жарыялашкан, бирок сот бул өтүнүчтү түшкү тыныгуудан кийин колдогон эмес. (SDz)

XS
SM
MD
LG