Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:43

Зордуктоого шектүү кыйноого алынды деген маалымат ырасталган жок


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ысык-Көлдө алты жашар баланы зордуктоого шектүү кыйноого алынды деген маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 12-июнда наристени зордуктоого шектелип кармалган өспүрүмдөрдүн бири Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында шектүүнүн денесинен кыйноонун белгилери табылган эмес.

Текшерүүдөн кийин кыйноо боюнча кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынган.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда алты жашар бала быйыл апрелде зордукталган деген шек менен Барскоон айылынын 16 жаштагы үч тургуну кармалып, тергөө абагына камалган. Кылмышка шектелгендер тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып, акыйкатчыга арыз менен кайрылган. Алар басымга чыдабай кылмышты моюнга алууга аргасыз болгонун билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG