Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Асыкбекова: Баласын эмдетпегендер көбөйүп жатат


Иллюстрация
Иллюстрация

2017-жылдын алгачкы алты айында Бишкекте балдарын профилактикалык негизде эмдетпегендердин саны 1 857 киши болду.

Алардын ичинен 1065и диний көз караштан улам эмдеттирбей коюшканын "Азаттыкка" Бишкек шаардык иммунология борборунун жетекчиси Бурул Асыкбекова билдирди.

Асыкбекованын айтымында, 368 киши вакциналардын сапатынан күмөн санаса, 43 киши убагында маалымат албай калышкан, калгандары себебин билдиришкен эмес.

Иммунология борбору мындай кырдаал түрдүү жугуштуу оорулардын чыгышына себеп болот деп эскертүүдө.

Ал арада жалпы республика боюнча эмдөөдөн баш тарткандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп эмес экенин Республикалык иммунология борборунун директору Жолдош Калилов "Азаттыкка" ырастады. Жугуштуу ооруларга карата профилактикалык эмдөө календары Дүйнөлүк саламаттык уюмунун көрсөтмөсү менен түзүлүп, акысыз ишке ашып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG