Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн эки окуучуну коюп кеткен айдоочу Мирлан Ажибековго байланыштуу ишти карап, өкүмүн чыгарды.
Бул тууралуу аталган мекеме "Азаттыкка" ырастады.
Маалыматка караганда, судья Алмазбек Жоошбеков айдоочуну Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (“Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, анын айынан жабырлануучунун саламаттыгына зыян келтирүү”) боюнча айыптуу деп таап, 8 жылга жатак абакка кести. Ошондой эле үч жыл машина айдоого тыюу салды.
Бишкекте эки окуучуну 21-апрелде Бакаев көчөсүндө жөө адам өтүүчү тилкеден машине сүзүп кетип, оор абалда бейтапканага жеткирилген. Машиненин айдоочусу качып кетип, кечке жуук кармалган.
22-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. (КЕ)