Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карайт. Жараянда күбөлөрдү суроо уланат.
Кечээ сот Айбек Эрнис уулу өзүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө адвокаттардын өтүнүчүн алтынчы ирет четке какты. Териштирүүдө адвокаттын залдан чыгарылганы айыпталуучулардын тарапкерлеринин нааразылыгын жаратты. Натыйжада сот иши кыска убакытка үзгүлтүккө учурап, адвокаттар прокурор Жахангир Бутабаевге жана судья Айбек Эрнис уулуна ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Прокуратура өкүлү буга каршы чыкты, сот жактоочулардын сунушун канааттандырган жок.
Буга чейин сотто Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Болот Шер, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Керим Макеев көрсөтмө берип, айыпталып жаткан Текебаев менен Чотонов боюнча оң маалымат айтышты.
Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жарандар Алексей Модин аркылуу Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да камалган.
Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет.