Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Жер көчкүдөн жабыркагандарга материалдык жардам бөлүндү


Аюу-Сай айылындагы жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери. 2-май, 2017-жыл.
Аюу-Сай айылындагы жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери. 2-май, 2017-жыл.

Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга турак жай курууга президенттин фондунан материалдык жардам бөлүндү. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жалпы бөлүнгөн акчанын суммасы он миллион сомдон ашык.

Аталган райондун Аюу-Сай жана Жалпак-Таш айылдарында быйыл жазында жер көчкү жүргөн.

29-апрелде таңга маал жер көчкү Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Кооптуу жайдан ондогон тургундар чатырларга көчүрүлгөн. Жалпак-Ташта майдын башынан тарта жер көчкү жылып отуруп, 50гө чукул турак жайды басып калган. Анын ичинде социалдык мекемелер да бар. Алдын ала эскертүүлөр берилип, опурталдуу аймакта жашагандар башка жакка көчүрүлгөндүктөн киши өмүрүнө зыян келген эмес.

Июнда Өзгөн районунда көчкүдөн жабыркагандарга жана көчкү коркунучу жогору аймакта жашагандарга сегиз сотыхтан жер тилкеси бериле баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG