Президент Дональд Трамп Орусиянын АКШнын шайлоосундагы ыктымал ролун иликтеген расмий адамдарды кескин сынга алып, демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун беделине шек келтирген маалыматтарды табуу үчүн Орусиянын жардамына муктаж болбогонун айтты. Бул тууралуу Трамп "Нью-Йорк Таймс" басылмасы менен 19-июлда жарыяланган маегинде билдирди.
Андан мурдараак президенттин тун уулу Дональд жана шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт орусиялык адвокат Наталия Весельницкая менен шайлоо өнөктүгү учурундагы жолугушуусу боюнча Сенаттын юридикалык комитетине кийинки аптада көрсөтмө берери белгилүү болду.
Жыл башында АКШнын чалгын кызматтары орус тарап Трампты колдоо максатында хакердик чабуулдар аркылуу Клинтондун беделин түшүрүү аракетин көргөн деген тыянагын жарыялашкан. Кремл мындай маалыматтарды башынан бери төгүнгө чыгарып келет. АКШда бул маселени Конгресстин комитеттери жана атайын прокурор иликтеп жатат.