Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Түрк тарап учак кырсыгында жабыркагандарга кенемте төлөп берет


Дача-СУ айылына кулаган учак. Январь, 2017-жыл.
Дача-СУ айылына кулаган учак. Январь, 2017-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 17-июлда өкмөттө өткөн маалымат жыйында Сокулук районунун Дача-СУ айылына кулаган түркиялык учакка ээлик кылган компания жакын арада Кыргызстанга акча которорун билдирди.

Жабыркагандарга кенемтени төлөп берүүнү июлдун этегинде же августтун башына чейин аяктоо максат кылынууда. Министр жабыркагандарга элден чогултулган акчанын баары бөлүнүп берилгенин кошумчалады. Каражатты атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүргөнүн, анын курамына авиакырсыкта жабыркагандар да киргенин белгиледи. Ошол эле маалда түрк тарап канча сумма которорун тактаган жок.

Быйыл 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Гонконг - Стамбул багытында учуп бараткан бул унаа ал күнү Бишкекке май куюу үчүн конуп жаткан.

Кырсыктан жабыркагандарга кыргызстандыктар жардам чогултуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG