Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Өзбек муфтияты абитуриенттер үчүн дуба чыгарды


Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы расмий сайтына жогорку окуу жайлардын абитуриенттери үчүн үч дуба жарыялады. Аталган дубалар болочок студенттерге ийгилик жылмайышына жардам берет деп айтылат өзбек муфтиятынын маалыматында.

Биринчи дуба кабыл алуу сынактарынын ийгиликтүү өтүшүн, экинчиси - абитуриенттер менен баарлашуу жөндөмүн жакшыртууну жана үчүнчүсү - абитуриенттин билимин көтөрүүнү сурайт.

Өзбекстандын муфтияты абитуриенттерге дубага эле ишенип отура бербей сынактарга тыкыр даярданып, материалдарды толук окуп чыгууну эскертет.

XS
SM
MD
LG