Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:48

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы басма сөз жыйында "Акипресс" түзгөн тизмедеги 100 байдын ичинде, бир катар мамлекеттик кызматкерлер жана президенттин кеңешчилери да бар экени тууралуу "Азаттык" радиосунун суроосуна "Икрам Илмияновго тийишпегиле" деп жооп кайтарды.

- Мен ага (Илмияновго ред:) сенин ордунда болсом шопурлардын партиясын түзүп, президент болуп алмакмын дедим. Канчалык казсаңар да андан эч нерсе таппайсыңар.​Менин айланамда бир топ бай адамдар бар.

Атамбаев бийликке келгенге чейин анын шопуру болуп иштеген Икрамжан Илмиянов быйыл апрелде президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Ал мындан тышкары Көк бөрү федерациясын да жетектейт. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган. (NT/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG