Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Атамбаев: Мамбеталиев 14 жыл мурда жансакчым болгон


Эркин Мамбеталиев.
Эркин Мамбеталиев.

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 24-июлда өткөн басма сөз жыйында өзүнүн мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев тууралуу суроого жооп берди.

Мамбеталиев он төрт жыл мурун жансакчысы болгонун, бирок аны өзүнө улам жабыштыра берүү туура эместигин билдирди. Быйыл Мамбеталиев менен кошо кармалган эки адам соттолгонун айтты.

Буга чейин Эркин Мамбеталиев буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Биринчи жолу 2004-жылы жазында милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен камакка алынган, 2005-жылы бошоп чыккан. Андан кийин экинчи жолу 2006-жылдын этегинде камакка алынган. Ага 2005-жылы 10-июнда атып өлтүрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге байланыштуу кылмыш иши боюнча айып тагылган, 2010-жылы апрель окуясынан кийин абактан кайра эркиндикке чыккан.

Мамбеталиевдин ысымы былтыр “Вечерний Бишкек” гезитине байланышкан ызы-чууда да аталган. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG