Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:17

Президент Атамбаев сотторго кийлигишпесин айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында. 24-июль, 2017-жыл.

Алмазбек Атамбаев бул тууралуу Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. 2010-жылы апрель, июнь окуяларында үзөңгүлөш жүргөн Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча пикирин билдирген президент сот ишине кийлигишпей турганын айтты:

- Сотко басым кылгым келбейт. Сот өзү чечим кабыл алсын. Мен ойлойм, сотто убактылуу өкмөт мүчөлөрү тарабынан Текебаевди колдоо аракети менен мага, Атамбаевге жасаган чабуул экенин көрүп турам. Анткени, бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да жооп беришет. Мен кеткенден кийин деле жооп беришет. Чындык баары бир чыгат.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы "Мегаком" компаниясын менчиктештирип берем деген убада менен орусиялык ишкерден 1 млн доллар алган деп айыпталып, соттолууда.

Соттук териштирүү учурунда күбө катары көрсөтмө берген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 2010-жылы 13-майда Текебаев убактылуу өкмөт жыйынында жүргөнүн, "Мегакомду" сатуу боюнча аракеттерге чолосу да тиймек эместигин билдиришкен. Айрымдары ошол күнкү жыйынга Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаев катышпаганын, ал эми кылмыш ишинде жабырлануучу катары өтүп жаткан тарап көрсөткөн иш бөлмө ошол кезде Атамбаевге таандык болгонун айтышкан.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл, 1-декабрда аяктайт. Буга байланыштуу 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин билдирген 37 киши БШКга арызын берген.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG