Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

БШК талапкерлердин шайлоо фондунан сарпталган каражаттарын жарыялады


Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу алдыдагы президенттик кызматка талапкерлердин шайлоо фондунан сарпталган акчаларды эсептеп чыкты.

24-июлга карата алынган маалымат боюнча, талапкерлердин ичинен шайлоо фондунан эң көп акчаны парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов, андан кийин "Ак шумкар" саясий партиясынын төрагасы, экс-премьер-министр Темир Сариев короткон.

Замира Муратбекованын фондуна 391 сом түшүп, андан эч кандай акча кемиген эмес.

Рита Карасартованын фондунда 37 900 сом бар, анын 16 069 сомун сарптаган.

Камила Шаршекееванын фондунда 40 000 сом бар, анын 7 160 сому алынган.

Кубан Чороевде 67 580 сом болсо, анын 66 200үн короткон.

Таалатбек Масадыковдо 130 000 болсо, анын 101 790 коротулган.

Арстанбек Абдылдаевде 815 000 бар болгон, 715 000 сому алынды.

Темир Сариевде 3 000 000 сом болсо, анын 1 223 635 сомун сарптады.

Өмүрбек Бабановдо 15 000 000 сом болсо, анын 13 917 827 сомун сарптап, алдыга чыкты.

Арсланбек Малиевде 4 259 800 бар болсо, анын 115 660 сому коротулду.

Сооронбай Жээнбековдо 3 000 000 болгон, анын 14 550ү иштелди.

Нусрет Муса-Оглы Мамедовдун шайлоо фондуна 520 сом түшкөн.

Сагынбек Абрахмановдо 40 000 сом турат.

Турсунбек Акун фонддогу 9 000 сомдун 5 миңин короткон.

Улукбек Кочкоровдо 117 900 бар болсо, анын 108 513үн сарптаган.

Руслан Жунусовдо 35 000 түшүп, 11 040 сомун иштеткен.

Азимбек Бекназаровдун фондуна 15 000 түшкөн, анын 4 950 сомун иштеткен.

Ушу тапта президенттик шайлоого катышуу тууралуу БШКга арыз бергендердин саны 37ге жетти. Анын отузу өзүн-өзү көрсөтсө, калганын саясий партиялар сунуштаган. Азырынча арыз бергендердин он алтысы гана шайлоо фондуна акча которду.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкерлигин көрсөтүүнү каалагандар БШКга 1-августка чейин арыз тапшырышы керек.

Талапкер болуу ниети менен арыз бергендер мамлекеттик тилден сынактан өткөнүн, 1 миллион сом күрөөнү төлөгөнүн, отуз миң шайлоочунун жарактуу колун топтой алганын жана соттуулугу жок экенин ырастаган документтерди тапшыргандан кийин гана расмий түрдө талапкер болуп саналат.

Алардын шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG