Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:23

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 25-июлда Сокулук районунун Маловодное айылындагы турак жайдан өрт чыккан. Андан 10 чарчы метр жыгач устундуу, шыйпыр менен жабылган үйдүн чатыры, үстүндөгү 500 боо саманы менен күйүп кеткен. Өрттөн 58 жаштагы аял бетинен, колунан, бутунан I-даражадагы күйүк алып, Сокулук райондук ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилген. Жабырлануучу ооруканага жатуудан баш тарткан. Азыр өрттүн себеби такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл алты айда 1300дөн ашуун өрт кырсыгы катталды. Бул сан былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 10 пайызга аз.

Кырсык кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 240 миллион сомду түздү. Көп учурда өрттүн чыгышына электр жабдыктарын колдонуудагы этиятсыздык себеп болгон.

Аймактардын ичинен "тилсиз жоо" Чүй облусунун аймагында көп тутанып, андан 16 адамдын өмүрү кыйылган. Аталган мекеме жарандарды этият болууга, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат. (NT)

XS
SM
MD
LG