Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Пакистанда кыз зордуктоого буйрук бергендер кармалды


Жергиликтүү тургун зордуктоо окуясы болгон жерди көрсөтүүдө
Жергиликтүү тургун зордуктоо окуясы болгон жерди көрсөтүүдө

Пакистан полициясы Мултан шаарынын четиндеги айылда кыз зордуктаган жигитти жазалоо үчүн анын өспүрүм карындашын зордуктоону буйрук берген айылдык кеңештин 20 мүчөсүн кармады.

Полиция өкүлү Аллах Бакштын Франс-пресс агенттигине айтымында, биринчи жабыр тарткан кыз 12де, экинчиси 16да болгон.

Полиция кыздардын туугандык жайы бар экенин билдирүүдө. Бакштын айтымында, июлдун башында 12 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу кабар түшкөн. Андан кийин "Жирга" же айылдык кеңеш арызданган тарапка шектүүнү карындашы аркылуу жазалоого буйрук берген.

Пакистандык Dawn гезити өспүрүмдүн "жазасы" адамдар тобу жана ата-энесинин көзүнчө ишке ашырылган деп жазууда. Ошол эле учурда полиция зордуктоого шектелгендер дале эркиндикте экенин маалымдады.

Бул өлкөнүн айрым айылдарында "намыс" үчүн делип кылмышка кылмыш менен жооп берүү же элдик сот көрүнүштөрү жайылган.

XS
SM
MD
LG