Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

"Мекен ынтымагы" Асанбековду президенттикке көрсөтүү боюнча БШКга кайрылды


"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков. Бишкек. 21-июль, 2017
"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков. Бишкек. 21-июль, 2017

"Мекен ынтымагы" саясий партиясы президенттик кызматка Темирбек Асанбековдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу чечимин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. БШКнын маалыматына караганда, партия 21-июлдагы тогузунчу курултайында жогоркудай чечим кабыл алган.

“Мекен ынтымагы” саясий партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Анын лидери Темирбек Асанбеков 2011-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болгон. 2015-жылы ал жетектеген партия парламенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 0,79%, добушун алган.

Асанбековду кошкондо алдыдагы саясий жарышка катышууну көздөп Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазгандардын саны кырк бирге жетти. Анын отуз экиси өзүн-өзү көрсөткөн, тогузун саясий партиялар сунуштаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкерлигин көрсөтүүнү каалагандар БШКга 1-августка чейин арыз тапшырышы керек. (NT)

XS
SM
MD
LG