Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Келдибеков: Кыргызстанда адилетсиз башкаруу жүрүп жатат


Акматбек Келдибеков “Ата Журт” партиясынын XI курултайында сөз сүйлөп жатат.
Акматбек Келдибеков “Ата Журт” партиясынын XI курултайында сөз сүйлөп жатат.

Бул тууралуу парламенттин мурдагы спикери, президенттикке талапкерлиги сунушталып жаткан Акматбек Келдибеков 27-июлда “Кыргызстан” партиясынын курултайында сөз сүйлөгөн учурда билдирди. Ал кадр саясаты туура эмес жүргүзүлүп жатат, мыйзамдар иштебей калды деп бийликти сындады:

- Бүгүн Кыргызстандын ээси бай-манаптык, кандык бийликке өтүп калды. Биздин мамлекетте "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген адилетсиз башкаруу болуп жатат. Мыйзам иштебейт, адилетсиз сот, адилетсиз кадр тандоо, адилетсиз башкаруу. Бардыгы адилетсиздиктин негизинде жүрүп жатканын көрүп атабыз

Ошол эле маалда курултайга катышкан Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, саясатчыларды бири-бирин каралагандан алыстоого чакырды:

- Бул форум Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги бардыгын айгинелеп турат. Алдыда өтө маанилүү саясий иш-чара турат. Бүгүн баарыбызга бирдей саясий мүмкүнчүлүк түзүлдү. Шайлоочулардын алдында чоң тандоо спектри турат. Бири-бирибизди күнөөлөп, каралагандан алыс болушубуз керек.

“Кыргызстан” партиясы бейшембидеги бешинчи курултайында президенттикке талапкер катары депутат Канат Исаевди көрсөттү, ал азырынча БШКга арызын бере элек.

18-июлда “Ата-Журт” партиясы президенттикке талапкер катары тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков экөөн тең сунуштаган. Ушу тапта президенттик жарышка ат салышуу үчүн талапкер катары катталуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылгандардын саны 42 адамга жетти. (NT)

XS
SM
MD
LG