Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:25

"Кыргызстан" партиясынын бүгүн Бишкекте өткөн кезектеги бешинчи курултайында парламент депутаты, аталган партия лидери Канат Исаев президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүлдү. Мындай чечимди жыйынга катышкан делегаттар бир добуштан колдоду. Курултайга республика боюнча жалпы 600дөн ашуун делегат чакырылып, анын 595и каттоодон өткөнү белгилүү болду.

“Кыргызстан” саясий партиясы 2010-жыл апрелде түзүлүп, белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов анын төрагасы болуп шайланган.

2015-жылда өтчү парламенттик шайлоону утурлай, партиянын кезектеги курултайында Канат Исаев лидер болуп тандалган. Коомчулукта "Кыргызстан" КСДП партиясынын "клону" деген ойлор айтылган.

Аталган партияга алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште он сегиз мандат берилип, фракцияны алгач Исаев башкара баштаган. Былтыр октябрда лидерликтен кетип, ордуна фракциянын дагы бир депутаты Алмазбек Батырбеков дайындалган.

Андан кийин Исаев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы чыгып, парламент жыйындарынын биринде "президент Алмазбек Атамбаев иш жүзүндө КСДП партиясына төрага болуп, аталган партиянын өкүлдөрүн маанилүү кызматтарга дайындоо менен мыйзамды одоно бузуп жатат" деп сындап чыккан.

Быйыл май айында УКМК Канат Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) боюнча эки айып таккан. Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канат Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялады.

Ушу тапта быйыл 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга арыз жазгандардын саны 39га жетти. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG