Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Орусия АКШ дипломаттарына санкция киргизди


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров

Орус бийлиги АКШнын дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигинин 28-июлда жарыяланган маалыматында айтылат.

Мындан тышкары Кремл Ак үйдөн 1-сентябрга чейин Орусиядагы дипломаттарынын санын 455ке чейин азайтууну талап кылды. Расмий маалыматта Орусия санкцияларын кеңейтиши мүмкүндүгү белгиленет.

2016-жылдын декабрь айында АКШнын мурдагы президенти Барак Обама 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Вашингтон Орусия АКШнын шайлоосуна кийлигишкени үчүн бул чечимди кабыл алганын билдирген.

27-июлда АКШнын Сенаты Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамды дээрлик бир добуштан колдогон.

XS
SM
MD
LG