Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Ноокен: чек арадагы айылга электр жарыгы бериле элек


Ноокен району.
Ноокен району.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Ношкен айылындагы 20дай үй-бүлөгө ушул жылдын февраль айынан бери жарык бериле элек. Бул тууралуу район акими Эркинбек Маматаев Жалал-Абаддагы маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка караганда, жарыксыз калган турак жайлар чек ара тилкесине жакын жайгашкан. Алар мыйзамсыз жана басып алуу жолу менен салынгандыктан документтештирүү маселеси чечилбей жатат.

- Буга чейин жашоочулар Өзбекстан пайдаланып келген насостук станция аркылуу электр энергиясын колдонуп келишкен, – деди Маматаев.

Өзбекстан пайдаланып жүргөн “Эгемен-1” насостук станциясын 2015-жылы Кыргызстан өзүнө алган. Ошондон тартып айылга жарык берүү токтотулган. Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешкен Ношкен айылында миңдей калк жашайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG