Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Чек арадагы жарыксыз айыл


Иллюстрация
Иллюстрация

Ноокен районунун Өзбекстан менен чектеш аймагындагы Ношкен айылында 20дай үй-бүлө быйыл февраль айынан бери электр жарыгы жок отурат.

"Электр тармактар" ишканасы турак үйлөрдүн тиешелүү документтери жоктугу үчүн жарык берүү токтотулганын айтууда. Мурда ношкендик бул бүлөлөр Өзбекстан колдонуп келген насостук станциянын кызматынан пайдаланышчу. Кыргызстан өзүнө таандык бул станцияны 2015-жылы өз карамагына алган.

Жарыксыз жашоо кечирип жаткан Гүлсарахан Султанбаева арманы менен бөлүштү:

- Бул арык чек ара тилкеси. Менин үйүмө жакын. Арыктын аркы бетинен түндө өзбек чек арачылары келип биз тарапка фонарик жагышат. Анткени биздин үйдө свет жок караңгы болуп турат да. Аларга эч нерсе дей албайсың, кайра бир аз туруп кайтып кетишет. Өзбек чек арачылары деле биздин абалыбызды жакшы түшүнүп калды. Ошол себептүү үйүндө барбы деп күн сайын түнкүсүн бир маал жарык жагып кетишет. Муздаткычым сарайда чаң басып жатат. Телевизорду алган менен көргөн деле жокпуз. Жашоодон артта калган жапайы адамдардай болуп эле жашап жатабыз. Арманыбызды угар жан жок.

Ношкендиктер телевизор көрүп, радио укмак турсун чөнтөк телефондорун да тыңдап колдоно алышпайт. Электр жарыгы берилбей жатканына ал жерде курулган турак үйлөрдө расмий документтин жоктугу себеп экен:

- Бул айылдагы турак жайлардын кызыл китеби жок болгондуктан жарыкты өчүрүп салышыптыр. Өзбекстан мурда насостук станцияны иштетип жүргөндө анысына карабай жарыкты үзгүлтүксүз берип турган. Жашоочулар качан турак жайларына документ даярдаса свет ошондо болот экен. Менин үйүм 1965-жылы салынган, ошол кезде ушул жерди караган суучунун турак жайы болгон экен. Эми өз алдыбызча ар тарапка кайрылып жатабыз.

Үч айдан бери жарыксыз жашаган Ношкен айылы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

Ношкен айылына караган Кайырма участкасында жалпы 22 турак жай бар. Алардын ичинен жаңы салынган төрт үйдө эч ким жашабайт. Калган 18 түтүн ушул жылдын февраль айынан бери жарыксыз жашап жатышат. Айыл тургуну Рахматулла Юлдашев жагдайды минтип түшүндүрдү:

- 2015-жылга чейин бардыгыбыз Өзбекстан колдонгон насостук станциянын башчысы менен келишип алып, жылына ар бир үй-бүлө 2 миң сомдон светке чогултуп, бир жыл бою үзгүлтүксүз электр жарыгын колдонуп келгенбиз. Эки жыл мурда бул станция бизге өткөндө эми светтен кыйналбайбыз деп сүйүнгөнбүз. Бирок андай болгон жок. Ошондон бери кышкысын гана жарык болбосо жаз, жай, күздү светсиз өткөрөбүз. Былтыр сегиз ай жарыксыз отуруп, губернаторго арызданып барып ал кышында жарыкты жандырып берди. Анда биз коммерциялык негизде деп 1 кВт үчүн 2 сом 20 тыйындан төлөп бердик. Мындан сырткары коммерциялык жоготууга деп ар бир үй-бүлө 20-50-сомдон да чогултуп турчубуз. Быйыл устундарды алмаштыргыла деген. Ага да макул болуп алмаштырсак эми документти шылтоолоп жатышат.

Кыргызстан өз карамагына алган станциянын жетекчиси Камбаралы Нурумбетов жыйырмага жакын бүлөгө электр жарыгы берилбей жатканынын чоо-жайын минтип түшүндүрдү:

- Чындыгында буга чейин алар Өзбекстандан келген электр жарыгын колдонуп келишкен. Бул станция бизге өткөндөн бери аларга жарык берүүнү токтотконбуз. "Электр тармактар" ишканасынын жетекчиси келип, ал айылдагылардын кызыл китеби жок экен деп, токтотуп салган. Мыйзам боюнча да биз аларга жарык бере албайт экенбиз. Эгерде алар документтерин бүтүрсө кайрадан алса болот.

Жергиликтүү бийлик Кайырмадагы 20 тургундун үйүнүн жер тилкелерин азыр мыйзамдаштыруунун аракетин көрүп жатат. Учурда алгачкылардан болуп төрт үй-бүлөгө менчик ээси экендигин ырастаган кызыл китеп берилгенин Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Сатыкулов айтты:

- Кайырма айылындагылар 10 жыл мурда жерди басып алып, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн экен. Мен эки ай мурда жаңы кызматка келери менен алардын жерин мыйзамдаштыруу менен алек болуп жатам. Азыр бир тургундун жерине токтом чыгарып берип, дагы үчөөнө даярдалып жатат. Булар там салган жерди жайыт категориясынан чыгаруу керек. Баары болуп бир айдан ашык убакытта жер тилкесинин мыйзамдуулугу чечилүүгө тийиш. Ошондо гана убактылуу башка жактан электр энергиясын тарттырып беребиз.

Чек арадагы бул айылга башка жактан электр линиясын тартып келүүгө жергиликтүү бийликтин чама-чаркы жетпейт. Ноокен районунун бул айылы Өзбекстандын Наманган облусу менен 30 чакырымдан ашык чек аралаш аймакта орун алган. Чек арадагы айылга өзгөчө макам берилген эмес.

Айылдын жанында жайгашкан "Эгемен - 1" жана "Эгемен - 2" суу сордургуч станциялары Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу 1,5 миң гектар эгин аянтын талаачылык мезгилде суу менен камсыздайт. Буга чейин ушул станция Наманган менен Анжияндын талааларына да суу жеткирчү. 2015-жылы толугу менен станцияны Кыргызстан өз карамагына өткөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG