Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Күн нурунан жарык жана жылуулук


Фотоэлектрикалык станция Алчалуу айылындагы ФАПка кыш башталаары менен орнотулган.
Фотоэлектрикалык станция Алчалуу айылындагы ФАПка кыш башталаары менен орнотулган.

Кыргызстандын 14 фельдшердик жана акушердик түйүнүндө күн нурун топтоп, электркубатка айланткан фотоэлектрикалык станциялар иштеп жатат.

Чүйдүн Алчалуу айылында бир жарым миңден ашык адам жашайт. Сыркоолоп же ар кандай кокустуктар боло калса айылындагы Фельдшердик-акушердик пунтка чуркап келишет. Боюнда бар энелерге да ушу жерде көз салышат. Анткени жакынкы оорукана айылдан 36 чакырым алыста – Токмок шаарында жайгашкан.

Үч бөлмөдөн турган бул ФАПка 35 жылдык эмгек стажы бар Замира Абдысадыкова баш-көз болот. Анын айтымында, күнүнө ага 10-15 киши кайрылып турат. Аларга жарыксыз, отун-суусуз калган учурларда ийне сайып, жардам көрсөткөн далай күндөр өттү.

Алчалу ФАПынын жалгыз кызматкери, фельдшер Замира Абдысадыкова
Алчалу ФАПынын жалгыз кызматкери, фельдшер Замира Абдысадыкова
"Эми минтип фотоэлектрстанция күндүн нурун чогултуп, жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылганынан жыргап эле калдык", - дейт Замира Абдысадыкова жаңы шайман менен мактанып:

- Бул жабдык күндүн нуру менен ичине электркубатын берет. Бекер эле. Ушунун жардамы менен ичи жылып атат, жарык болуп жатат, муздаткычтарымдын баары иштеп жатат. ФАПтын ичинде алты аккумулятор бар, алар кубатты чогулта берет, чогулта берет, анан мага керек кезде чогулган кубатынан свет бере берет.

Замира Абдысадыкова кышында фотоэлектрстанциянын арты менен медициналык бул мекеме жылуу да, жарык да болуп турду дейт. Бул жалпак узун жана кара айнектүү шайманды адистер былтыр кыш алдында орнотушкан. Кокустан жарык өчүп калса, бул шайман автономдуу түрдө эки күндүк жарык менен мекемени жабдып турууга да кудуреттүү.

Шаймандын алты аккумулятору күн сайын 50 пайызга чейин станциядан келген светти үнөмдөйт, ал жок кезде эки күн электркубат менен автономдук режимде толук камсыздоого кудурети жетет.
Шаймандын алты аккумулятору күн сайын 50 пайызга чейин станциядан келген светти үнөмдөйт, ал жок кезде эки күн электркубат менен автономдук режимде толук камсыздоого кудурети жетет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүн башчысы Асылбек Сыдыкановдун айтымында, өлкөдө ФАПтардын мааниси абдан чоң, анткени айылда алар медициналык жардам көрсөткөн жалгыз кызмат.

Ошондуктан министрлик күндүн нурунан жарык жана жылуулук алып берүүүчү мындай станцияларды өлкө аймагындагы бардык фелдьшердик-акшуердик пункттарга орнотууга кызыкдар. Азыр алардын саны Кыргызстанда 800дөн ашат. Алардын 14ү азыр бул кызматтан пайдалана баштады:

- Эң сонун долбоорлор экен, эми муну өлкө боюнча жайылтууга аракет кылабыз, ошол үчүн донорлорго кайрылып жатабыз. Жакында депутаттар менен өкмөт өкүлдөрүнө Жети-Өгүздө ачылган ушундай ФАПты көрсөтүп, анын артыкчылыктарын түшүндүрүү менен каржы булактарын таап бергиле деген суроону койдук. Буюрса, бул долбоор кеңейет.

Күндүн нурун топтоп, аны электркубатка айланткан ар бир шаймандын баасы 10 миң АКШ долларын түздү. Бул технологиянын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн айрым ФАПтар 11 миң долларга жылуулатылды. Бул иштерди Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын алдындагы агенттиктер каржылап, толук аткарып берди.

Мурун ФАП жыгач жана көмүр аркылуу жылытылчу
Мурун ФАП жыгач жана көмүр аркылуу жылытылчу
БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Аванесов айылдардагы ФАПтар көбүнчө отун менен жылытылгандыктан, бул технология бактарды сактоого да, өлкөнүн энергосистемасынын ишин жеңилдеткенге да жардам берип жатат.

- Бул чоң иш. Долбоор БУУнун төрт агенттиги, Кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү бийлик менен бирге ишке ашырылды. Бул жерде айыл өкмөтү өзү демилге менен чыгып, долбоорду ишке ашырууга да салым кошуп, айыл тургундары бул технологияны колдонууга даярдыгын көрсөткөнү абдан маанилүү. Анткени анын зарылдыгын алгач жергиликтүүлөр өзү түшүнүп, демилге менен чыгыш керек. Бул демилге болсо энергоэффективдүүлүк жана фотоэлектрикалык станцияларды орнотуу боюнча долбоорлордун алкагында ишке ашырылды.

Кыргызстандын фельдшердик жана акушердик түйүндөрүн автономдук электркубат менен камсыздоо максатында фотоэлектрстанциялардан сырткары, айрымдарында кичи ГЭСтерди орнотуу иштери да жүрүп жатат. Күн нуру аркылуу свет менен камсыз кыла турган шаймандар буга чейин өлкөнүн беш ири ооруканасында орнотулган.

XS
SM
MD
LG