Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Самара Каримова Сулайман-Тоо музейине жетекчи болуудан баш тартты


Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музейине жетекчи болуудан баш тартты. Анын себебин түшүндүргөн Каримова, “кыргыз коомчулугу жаш кадрлардын жетекчилик кызматтарга келүүсүнө даяр эмес экен”, - деген пикирин “Азаттык” радиосуна билдирди.

Кыргызстандын Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун буйругу менен ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей-комплексинин башкы директору болуп дайындалганы 28-июлда маалым болгон. Муну ырчы өзү да ырастаган болчу. Мурдагы директор Абдрайым Тургунбаев эмгек жамааты нааразы болуп чыккандан кийин кызматтан кетүү тууралуу арыз бергини айтылган.

Аталган музей жайгашкан жалпы Сулайман-Тоо аймагы ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Учурда анда 80ден ашуун кызматкер бар.

Кыргыз коомчулугунда Каримованын дайындалышы боюнча колдогон да, сындаган да пикирлер айтылууда. Айрымдары ырчынын музейди жетектөөгө тажрыйбаса жоктугун белгилеп, "бул кызматка кесипкөй тарыхчы, илимпоз келиши керек болчу" деген сындарын социалдык тармактарда жазып чыгышкан. (YI/КЕ)

XS
SM
MD
LG