Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Казаков: Каримованы жетекчи кылууну музейдин эмгек жамааты суранган


Түгөлбай Казаков
Түгөлбай Казаков

Ырчы Самара Каримованы директор кылып дайындоону Сулайман-Тоо музей-комплексинин эмгек жамааты суранган. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков “Азаттык” радиосуна билдирди.

-Музейдин 25 кызматкери ушул кишини алып келип бергиле, иштешебиз деп кат жөнөтүптүр. Мурдагы директору менен иштешпейбиз деп эки айдан бери нааразы болуп жатышкан. Сурасак өкмөттүн облустагы өкүлү оозеки макулдугун берип жөнөтүшкөн экен. Биз аны дайындасак, музейдин “улуттук” деген макамы, ал боюнча өкмөттүн токтому бар экен. Ошого туура келет, келбейт деп социалдык тармактарда талаш-тартыш болуп кетти. Өзү мындай ызы-чуу менен андай ишке барбайм деп баш тарткандан кийин баары жокко чыкты.

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музейине жетекчи болуудан баш тартканын бүгүн “Азаттык” радиосуна ырастаган. Анын себебин “кыргыз коомчулугу жаш кадрлардын жетекчилик кызматтарга келүүсүнө даяр эмес экен”, - деп түшүндүргөн.

Кыргызстандын Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун буйругу менен ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музей-комплексинин башкы директору болуп дайындалганы 28-июлда маалым болгон.

Аталган музей жайгашкан жалпы Сулайман-Тоо аймагы ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Учурда анда 80ден ашуун кызматкер бар.

Кыргыз коомчулугунда Каримованын дайындалышы боюнча колдогон да, сындаган да пикирлер айтылган. Айрымдары ырчынын музейди жетектөөгө тажрыйбасы жоктугун белгилеп, "бул кызматка кесипкөй тарыхчы, илимпоз келиши керек болчу" деген сындарын социалдык тармактарда жазып чыгышкан. (YI/КЕ)

XS
SM
MD
LG