АКШ 30-июлда ракетадан коргонуу системасын (THAAD) сынаганын, ал орто аралыктагы баллистикалык ракетаны ийгиликтүү атып түшүргөнүн билдирди.
Американын Ракетадан коргонуу агенттиги кабарлагандай, Тынч океанында учуп бараткан С-17 аскердик учагы орто аралыктагы баллистикалык ракетаны кое берген. Аляскада жайгашкан THAAD системасы ал ракетаны дароо таанып, бутага жеткирбей кыйраткан. Агенттиктин маалыматы боюнча, бул система ушуну менен 15-жолу ийгиликтүү сыноодон өттү.
Кошмо Штаттар дал ушул системасын Корей жарым аралына орнотууну көздөп келет. Анын бир бөлүгү Сеулдун мурдагы өкмөтү тушунда Түштүк Кореяга жөнөтүлгөн.
30-июлдагы сыноонун алдында Түндүк Корея да АКШга чейин жете турган узун аралыктагы баллистикалык ракетасын сынаганы кабарланган.