Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

“Кентавр” эл аралык кинофестивалда эки сыйлык алды


"Кентавр" тасмасынан үзүндү.
"Кентавр" тасмасынан үзүндү.

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы Казакстандын башкалаасы Астанада өткөн Евразия" эл аралык кинофестивалында эки сыйлык алды.

Фильмдин продюсери Алтынай Койчуманова билдиргендей, тасма "Эң мыкты режиссерлук иш" жана "НЕТПАК" (Азия киносун жайылтуу боюнча атайын байге) категориялары боюнча сыйлыкка татыды.

"Евразия" кинофестивалынын негизги сынагында "Кентаврдан" тышкары, Испания, Израиль, Грузия, Вьетнам, Индонезия, Кытай, Азербайжан, Түркия, Түштүк Корея, Орусия жана Казакстанда тартылган тасмалар көрсөтүлдү.

“Кентавр” тасмасында өз Кудайын издеген айылдык Кентавр аттуу кишинин жашоосу сүрөттөлгөн. Анда баш каармандын ролун режиссер Актан Арым Кубат өзү ойногон.

Ал эми 1998-жылы биринчи жолу уюштурулган "Евразия" эл аралык кинофестивалында да Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" тасмасы баш байгеге ээ болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG