Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:50

Ысык-Көл райондук патрулдук милициянын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тимур Кадыровдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жол кырсыгы 30-июлда таңкы саат 5тер чамасында Сары-Ой айылында болгон.

“Subaru Legacy” үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышып, Чолпон-Ата тараптан Бишкекти көздөй бараткан машиненин айдоочусу окуя болгон жерде каза тапкан.

Ал эми жабыркаган төрт киши ооруканага жаткырылган. Эки автоунаадагылар тең Бишкектен Ысык-Көлгө эс алууга баргандар. Жол кырсыгына Бишкекти көздөй бара жаткан автонунаанын алдынан экинчи машине чукул бурулганы себеп болгону айтылды. Тергөө иштери жүрүп жатат. Кырсыктан каза тапкан айдоочу НТС телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Айбек Айтбаев экени белгилүү болду.

Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. 3800дөн көбү түрдүү жараат алды.(AsM)

XS
SM
MD
LG