Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкер катары катышпайт


Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкөнүн туруктуулугу үчүн президенттик жарышка чыкпоо чечимине келгенин бүгүн Бишкек шаарындагы маалымат жыйынында жарыялады.

Ал бир топ саясий күчтөр, анын ичинде оппозиция өкүлдөрү менен кеңешип, президенттик шайлоодо парламент арбитрлик кылуусун камсыздоо үчүн Жогорку Кеңештин спикери кызматында кала турганын билдирди.

Ч.Турсунбеков демократиянын желаргысына ишенип, башында президенттик жарышка чыгуу ниетин билдиргенин айтты.

Турсунбеков КСДПнын 15-июлдагы курултайында бийликтеги бул партия өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду талапкер катары расмий аттандырганына карабастан, президенттик жарышка өзүн өзү көрсөтүү аркылуу катышуу ниетин билдирген. Мындан соң президент А.Атамбаев КСДПдан Жээнбековдон башка талапкер чыга турган болсо, андай атаандаш талапкер бул партиядан чыгарыларын эскерткен. Президент А.Атамбаев өзү КСДПны түптөгөн лидер.

Бүгүн (31-июль) - президенттикке талапкер болууга ниеттенгендердин БШКга арыз тапшыруусунун акыркы күнү.

30-июлга карата Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 52ге жетти. 42 жаран өзүн өзү көрсөтсө, калганын саясий партиялар сунуштаган. Талапкерлердин арасында айымдар да бар.

Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG